super.kg logo

Министрлик эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин кайсы класстын окуучулары салттуу режимде окуй турганын маалымдады

 

Билим берүү жана илим министрлигинен өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин кайсы класстын окуучулары салттуу режимде билим алууну улантарын кабарлашты. Министрликтин планына ылайык, алгач 2, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары салттуу окутуу режимине кайтат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова эфирде айтты.

"Экинчи класстын окуучулары бир жыл гана окушкан, анда да толук окушкан эмес. 9-11-класстын окуучулары - бүтүрүүчүлөр. Алар реалдуу форматта канчалык көп билим алышса, балдар ошончолук ишенимге ээ болуп, жакшы натыйжалар болот. Ал эми 5-класстын окуучулары башталгыч класстан кийин орто деңгээлде окуй башташат, жогорку класстын окуучулары болушат. Аларга ар башка мугалимдер сабак бере башташат. Бул аралык аларга кыйын болот", - деди ал.

Быйыл 1-сентябрдан баштап мектептерде 1-класстын окуучулары гана окуп баштады. Жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде 2-11-класстын окуучулары аралыктан окушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык кдасс тарды окутуш керек бөлүп солбой
02.09.2020. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан окуп башташат?эртерээк мектеп ачылса экен.онлайн мене окуган болбойт экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: