super.kg logo

"Уулума угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоого себепкер болуңузчу" деген эне элден жардам сурайт

 

Редакциябызга кайрылган Жылдыз Рыскулованын жакында бир жашка толо турган уулуна дарыгерлер эки кулагы тең укпайт деген диагноз коюшкан. Ага угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо үчүн көп суммадагы каражат керектелерин айткан эне элден жардам сурайт.

"Менин 3 балам бар. Кудайдын сыноосу башка түшүп, экинчи кызымдын эки кулагы укпай төрөлгөн. 2017-жылы ага кымбат суммадагы кохлеардык имплантация операциясын жасатканбыз. Азыр кадимкидей угат. Ошол операцияга каражат топтоо үчүн жерибизди, болгон мүлкүбүздү сатканбыз. Эми минтип уулубуз Нурисов Мухаммад да тубаса кулагы укпай төрөлдү. дарыгерлер "эки кулагы тең укпайт" деп диагноз коюшту. Ал 3-октябрда бир жашка чыгат. Дарыгерлер уулумдун кохлеардык имплант менен толук түрдө угаарына кепилдик беришти. Октябрь айынын аягында Бишкекке чет элдик дарыгерлер келип, мындай операцияны жасап кетишет. Операция бул жактан жасалганы үчүн 15 миң доллар каражат керектелет. Эгер ага жетишпей калсак, мындай операцияны чет өлкөдөн 25-30 миң долларга жасатууга туура келет экен. Учурда өзүбүз болгон күчүбүздү салып каражат топтоо менен алекпиз. Бирок 15 миң долларды топтоого биздин чамабыз жетпейт. Каражат топтолуп, Кыргыз жеринде октябрда боло турган операцияга илинип калсак дегенде эки көзүм төрт. Балама угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоого себепкер болуңуздар. Баарыңыздардан жардам берүүңүздөрдү суранам", - дейт эне.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом: 0(705) 72-57-10.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.09.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенирим баланызга ден соолук берсин. Бар болунуз. Тенирим сизди колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: