super.kg logo

Президент: "Кыргыз өлкөсүнүн сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү "Жайыл Милк" заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана 2000-жылдан бери иштебей турган. Жергиликтүү фермерлер сүттү кайра иштетүү үчүн ортомчулар аркылуу коңшу турган Москва жана Панфилов райондоруна тапшырууга аргасыз болушкан.

Кыргыз-Орус өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев кийин жеке инвестор болгон сүттү кайра иштетүүчү "Кант Сүт" заводу "Жайыл Милк" ишканасын сатып алып, аны калыбына келтирүү үчүн фонддон бөлүнгөн 1 миллион долларга жакын каражатты жумшаганын билдирди.

Кыска мөөнөттө ишкана реконструкцияланып, 2019-жылдын апрелинен баштап күнүнө 20 тоннага чейин сүт кабыл алып, завод акырындык менен ишке киришкен.

Бүгүнкү күндө заводдо күнүнө 40 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берген жаңы шаймандар орнотулуп, каймак май, кургатылган жана коюлтулган сүт өндүрүлө баштады. Жергиликтүү тургундар үчүн 50 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Азиз Аалиев баса белгилегендей, "Жайыл Милк" коронавирус инфекциясы пандемиясы чыккандан тартып экономикалык активдүүлүк солгундагандан бери өлкөдө ишке киргизилген биринчи ири завод болуп саналат.

Компаниянын өнүмдөрү Казакстан, Орусия, Тажикстандын рыногуна экспорттолот, Кытайдын рыногуна чыгуу боюнча пландар бар.

Заводдун директору Тилек Турусбаев учурда жеңилдетилген насыя каражаттары жеткиликтүү болуп, ишкананын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экендигин белгиледи. "Ар кайсы шылтоону коюп, талыкпастан эмгектенүү гана керек. Биздин өнүмдөр импорттук товарлардын ордун ээлей алат. Сапаты жагынан ал өлкөгө ташып келинген сүт азыктарынан кем эмес", - деп айтты ал.

Президент Кыргыз өлкөсүнүн сүттү кайра иштетүүчү тармагы экологиялык таза өнүмдөрү менен тышкы рыноктордо атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин баса белгиледи.

Ички миграцияны азайтуу үчүн аймактарда ушул сыяктуу кайра иштетүүчү ири ишканаларды ачуу зарылдыгын белгиледи.

Өлкөнүн каржы институттары аймактарды өнүктүрүү алкагында аймактарда узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды жана ишкерлерге лизингдин негизинде техникаларды берүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков аталган каржы булактарын активдүү пайдаланууга чакырып, бул максаттарга бөлүнүп жаткан каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйтүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
04.09.2020. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э өлүп эле калчы соке, сен мындай кетиште жарыбайсын, элдин каргышы тийсин сага акмак.
04.09.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктай эле... мисалы Беловодскидеги масло заводго откорушот сутчулор бизден 16сомдон алышып.. анан эле кайра эле ошол заводдун Майларын сатып алайын десен асмандын башы.. 78-85 сомго чейин...мурун 60 сомдон алчубуз. Кымбаттап отуруп ушуга жетти. А сутту алганын кымбаттатпайт....
04.09.2020. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Соке тилдин учу менен эле суйлогонду билет. Элдин деле короюн деген козу жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: