Өкмөт октябрдан тартып пенсиянын көбөйөрүн айтты
Октябрь айынан тартып пенсиянын көлөмү 7 пайызга, тагыраагы 397 сомго жогорулайт. Мындай маалыматты өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүн, 15-сентябрда брифинг учурунда айтты.
Айтымында, 1-октябрдан тартып индексациялоо иштери башталат. Ага ылайык, орто эсеп менен пенсиянын көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт.
"Токтомго ылайык, бул иш-чара жыл сайын жүргүзүлөт. Пандемия шартына карабастан пенсионерлерди колдоого каражат бөлүнөт. 689 миң пенсионерди индексациялоого 827 миллион сом керектелет. Бюджеттен 75 миллион 200 миң сом, пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен 752 миллион 600 миң сом бөлүндү", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.