super.kg logo

Орусиялык блогер Варламовдун Бишкек шаарынын кемчиликтери тууралуу тарткан видеосу боюнча мэрия жооп берди

 

Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган.

Анда Варламов Бишкек шаарындагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, парктарга чейин сындаган. Ал шаарды өнүкпөй калган деп сыпаттап, көп жагдайлардын көрүнүшүнө түшүнбөгөнүн айткан. Ошол эле учурда шаардагы кадам сайын кезиккен жарнамалык баннерлер калаанын көркүн бузарын белгилеп, Бишкек шаардык мэриясын көптөгөн кемчиликтерин жоюуга чакырган. Ушул тапта анын видеорепортажы коомчулук арасында талкууга алынууда.

Ал эми мэрия өз дарегине айтылган мындай сынды кандай кабыл алды? Бул суроого Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына жооп берди.

"Биз, шаардык мэрия биздин дарекке айтылган ар бир сынды туура кабыл алабыз. Ошону менен катар эле бардык блогерлер менен достук мамиледебиз. Анткени ар бир көйгөйдү маселени алып чыккан блогер биздин шеригибиз, көмөктөшүбүз деп билебиз. Алар көйгөйдү алып чыгып жатышат, бул нерселер биздин жумушту оңдоого, алдыга жылуусуна салым кошот. Ар бир сын-пикирди туура кабыл алып, ошого жараша иш алып барганда гана биздин жумуш алдыга чыгат. Ал эми Илья Варламов менен биздин мэр экөө жолугуп 5 сааттан ашык сүйлөшүштү. Ал экөө тең архитектураны жакшы түшүнгөн адамдар экен. Бири-бирин жакшы түшүнүштү. Ал биздин пландарыбызды, идеяларыбызды, паркты реконструкциялоону укту жана ага аябай жакты. Варламовдун биздин өлкөгө келиши, шаар жөнүндө тарткан видеорепортажы бир четинен биз үчүн да сабак болот деп ойлойм. Биздин өлкө эки революцияны баштан өткөрдү, шаар күйүп эле кеткен да, биз ошого карабастан кайра шаарды калыбына келтирүү, аны оңдоо иштери менен алек болуудабыз", - деп билдирди Гуля Алмамбетова.






Илья Варламовдун Бишкек шаарынын кемчиликтери тууралуу тарткан видеосу боюнча мэрия жооп берди

Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(8)
17.09.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пландарыбыз ага аябай жакты.ха ха.ха.
17.09.2020. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сынды туура кабыл алып,шаарды корктондурууго аракет кылышы керек.
17.09.2020. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шаар күйүп эле кеткен да десе 1942-жылкы Сталинград элестеп кетти го көзгө... Шылтоонор менен силердин...
Kattaldym түзөттү 2020-09-17 10:01:17
17.09.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курбан разы болмоюнча жылыш болбойт
17.09.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куйбой эле,2010-жылы Ош кандай болду эле,5 жылга жетпей кооз Шаар кылып койду го,Бир аз ойлонсонор
17.09.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
“ Алар көйгөйдү алып чыгып жатышат” - Көйгөйлөр балчайып, көрүнүп, билинип эле турат.
17.09.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койгойлорду блогер эмес кор киши деле коруп жатат.
17.09.2020. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан, кайсы жери күйдү шаардын? эки революция болсода жакшы эле турган шаар, талкаланбай күйбөй эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: