Кубатбек Боронов: "Пандемия учурунда жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл"
Коронавирустук инфекция пандемиясынын учурунда жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумунун иштеши жана аны санариптештирүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
Өкмөт башчы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү маселесин иштеп чыгуу жана аны менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Билим берүү жана саламаттыкты сактоо – сунушталган тейлөөнүн сапатына басым жасоо аркылуу санариптештирүү боюнча күч-аракетти багыттоо зарыл болгон тармактар болуп саналат. Атап айтканда, мектеп окуучуларын аралыктан окутууда белгилүү маселелер бар. Алар окуу процессинин сапаты, алардын окуу процессине камтылышы, интернет тармагынын ылдамдыгы сыяктуу маселелер. Бул милдеттерди биринчи кезекте чечүү зарыл. Мындан тышкары, тийиштүү көзөмөл жүргүзүү жана электрондук рецепт берүү максатында дары-дармек каражаттарын электрондук эсепке алуу тутумун ишке киргизүүнү күчтөндүрүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Кеңешменин жүрүшүндө маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жана «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева баяндама менен чыкты.
Белгиленгендей, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар кошулган. 2020-жылы мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуусу 39 миллион транзакцияга жеткен, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосундагы маалымат алмашуу 45 миллион транзакциядан ашкан. 50 мамлекеттик орган тутумду активдүү пайдаланат.
Тутумга кошулуу тууралуу арыздар коммерциялык уюмдардан да көп келип түшүүдө. 2020-жылы мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланган, ал алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянат.
Жаран жеке кабинети аркылуу порталга кошулган мамлекеттик органдардан каалаган маалымдаманы ала алат. Бүгүнкү күндө порталда 51 мамлекеттик тейлөө ишке ашырылган. Буга катар иштеп чыгууну талап кылган бир нече маселелер бар. Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга, бир катар тапшырмаларды, анын ичинде укуктук-ченемдик актыларды талапка ылайык келтирүү, документтерди санариптештирүү боюнча ишти активдештирүү жана телемедицинаны өнүктүрүүгө тийиштүү тапшырмаларды берди.
