super.kg logo

Даамы адамды азгырган Оштун түрдүү самсалары (видеорепортаж)

 

Ош - улуттук тамактардын борбору. Айрыкча Ошту буркураган даамдуу самсасыз элестетүү мүмкүн эмес.

Эли эмгекчил, меймандос деп сыпатталган Ош шаарында кыймыл эрте башталат экен. Жыты аңкып, адамдын табитин ачып турган ашканалар шаарда саат 7де кадимки кардарларды кабыл алып, иштей баштайт. Ал эми кызматкерлер канчада иштеп башташат деп кызыгып жатсаңыз, самса жасаган жумушчу таң ата электе, тагыраагы, таңкы саат 5те ишин баштайт.

Даамдуу тамактардын мекени аталган Оштон чыныгы самсы жасаган жайды табуу да оңой болгон жок. Сураштырып отуруп шаардын так ортосунда жайгашкан самсаканалардын бирине баш бактык. Анда самса жаап иштеген Таир Абдихов болгону 23 жашта. Ал 15 жашынан бул жумушка аралашкан. Каарманыбыз жалаң эт кошулуп жасалган уйгур самсасы кантип жасаларын жумуш үстүндө көрсөтүп берди.

Уйгур самсасынын бир самсага ылайыкташкан камырынын ар бири 30 граммдан болот. Самса жасаган чебердин айтымында, самсанын жакшы болушу жасалган камырга байланыштуу. Камыр катураак болуш керек жана аны жайып жатканда четин жука, ортосун калың кылып жайуу талапка ылайык. Бул аракеттер самсага салынган фарштын майы ортого топтолуп, арты да катуу болбой, даамдуу болуп бышуусуна өбөлгө болот.

Самса жасап иштегенине 8 жылдан ашкан каарманыбызга көз ченем менен кол ченемден өткөн тараза жок. Ал таразасыз эле ар бир самсага керектелүүчү фаршты ыкчам салып жатты.

Биз самсаны тандырга жабыштырдык, кызыгы ал 4 мүнөттө бышып, тандырдан үзүүгө даяр болду.

Андан аркы кадамыбыз шаардагы чоң самса жасаган самсакананы карай уланды. Самсанын бул түрүн Улукбек Мамыржанов жабат.

Ал жасаган тандыр самсанын фаршына майда тууралган пияз, ири тууралган эт, зире, кашнич, чоң тууралган куйрук май жана туз кошулду. Ал эми камырына болсо, суу май, жумуртка жана туз кошулуп катуу жуурулду.

Бул чоң самса кичине жана чоң деп эки түргө бөлүнөт. Чоңунун баасы 150 сом болсо, кичинеси 80 сом. Тандыр самсанын даамы жагылган отко да байланыштуу. Каарманыбыз отко кадимки пахтанын сөңгөгүн жакса, самсанын даамы башкача болот дейт.

Маалыматты толугу менен видеоматериалдан көрүңүз.






Оштун даамдуу самсасы кантип жасалат?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
17.09.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шилекейин чууруратда аябай сагындым Оштун самсасын
18.09.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин Ошум,Садагам оштой жеримден!!!Баарыныздар Ошко келип даам сызып кетиниздер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: