"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына 50 миллион сомдук жаңы техникалар берилди
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын филиалдарына жалпы баасы 50,8 миллион сомду түзгөн жаңы атайын техникалар тапшырылды.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, алардын катарына 8 кран-манипулятор жана 4 ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаа кирет.
Жаңы техникалар өлкө аймагындагы электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында сатылып алынган.
Техникаларды тапшыруу аземинде энергетика министри Алтынбек Рысбеков заманбап техникалар электр тармактарынын ишенимдүү иштешинде маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын айтымында, жаңы унаалар авариялык жана оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө жардам берип, электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзөт.
Министр ошондой эле бул техникалар 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого да көмөк көрсөтөрүн айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















