super.kg logo

"Сырты жалтырак, ичи калтырак". Бишкектеги жаштар театрынын абалы мышык ыйлагыдай (сүрөт+видео)

 
Бишкек шаары борбор калаа болгондуктан аны мамлекеттин жүзү деп атаса болот. Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон 29 жыл ичинде шаардын инфраструктурасы көп жагынан өзгөрдү. Бирок алардын баары эле жакшы жакка эмес экенин орусиялык блогер Илья Варламовдун Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажында таамай көрсөтүлгөн. Анда Варламов тротуарлар, коомдук жайлар, айдоочулардын айдоо маданияты тууралуу жазып, Бишкекти начар, ыңгайсыз жана кооптуу шаар деп атаган.

Конок тарабынан айтылган сын көпчүлүк шаардыктарга жакпай калды. Анткен менен блогердин айткандарында чындык менен айкындуулук бар.

Мисалы, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын эскилиги жеткен имараты тууралуу канча жылдан бери айтылып келе жатат. Бирок борбордун көркү болчу имарат дагы деле толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтө элек. Театрдын маңдайы 2018-жылы жеке ишкер тарабынан оңдолгон.

Театрдын маңдайы оңдуу көрүнгөнү менен, имараттын капталы менен арт жагы мышык ыйлагыдай абалда.

"Асты жагы жалтырак, ичи менен капталдары калтырак". Мындай сүрөттөө дал ушул жаштар театрына жарашат. Анткени театрдын фасады оңдолуп-түздөлүп, жаңыртылганы менен, имараттын капталдарындагы дубалдын эскилиги жетип, урап түшүп жаткан абалга жеткен.

Театрдын ичине киргендер ал жакта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер же келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш таланттар иштээрине көзү жетпесе керек. Театрдын полдору Союз мезгилинен калган кызыл тактайлар болсо, шыбы азыр эле түшүп кетчүдөй адамдын үшүн алат. Бир сөз менен айтканда жаштар театрынын ичи дагы авариялык абалда...

Жаштар театрынын түптөлгөнүнө 31 жыл толуптур. Бирок театрдын имараты мындан 69 жыл мурун курулуп, ал Пионерлер үйү катары иштеп келгени маалым. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан тарта театр 2-3 жолу гана оңдоп-түзөөдөн өткөнүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова айтып берген.

Төмөндө дүйнөнүн башка шаарларындагы жаштар театры болгон имараттардын сүрөттөрү көрсөтүлгөн.

Жаштар театры. Питер жаштар театры. Алтай

Башкортостан, Казакстандын Астана шаары.

Англиянын Лондон, Өзбекстандын Ташкент шаарлары.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарыОрусиянын Краснодар шаары






“Жаштар театрында эмгектенгендердин алды 10 миң сом, арты 3 жарым миң сом алат

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Бактыгүл Султаналиева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.09.2020. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле. Тажик, өзбектер түбөлүк өйдө экен бизден
22.09.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте ондоо тузоту керек экен. Дагы бир жери айлана чойросун оздору эле тазалап мусорлорду алып койсо болот да. Бул жаштар театрда ишембилик деген болбойт бекен. Ошо жаткан ботолколор оздору ичкендер болуш керек. Кочодон бироо келип таштап кетбейт да.
22.09.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде маданиятты көтөрөлү деген аткаминер жок. "Маданиятың менен тилиңди жоготсоң, анда чек араңды ачып сал, башка эмнени коргомок элең" деген экен бир белгилүү адам.
22.09.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлай турган акыбалда экенго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: