super.kg logo

"Манас" эл аралык аэропортунан бир катар каттамдар жандандырылды. Шарттары

 
"Манас" эл аралык аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек-Стамбул-Бишкек;
Бишкек-Анталья-Бишкек;
Дубай-Бишкек-Дубай;
Шарджа-Бишкек-Шарджа;
Ташкент-Бишкек-Ташкент;
Алматы-Бишкек-Алматы;
Бишкек-Москва-Бишкек.
"Ош" аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:
Москва-Ош-Москва;
Ош-Санкт-Петербург-Ош;
Ош-Новосибирск-Ош;
Ош-Екатеринбург-Ош;
Ош-Сургут-Ош;
Ош-Красноярк-Ош;
Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына киргенге чейин 3 күн мурда ПЦР анализинин жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР - тесттин жыйынтыгы керектелбейт.
Мындан улам бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгуудан мурда керектүү документтерди тактап алууну суранабыз ПЦР - тест, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу) (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек. Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылыңыздар.
Андан сырткары, төмөнкү багыттар боюнча ички каттамдар жандандырылды:
Бишкек-Ош-Бишкек (күн сайын)
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү)
Бишкек-Баткен-Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү)
Аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.
Бардык жарандар милдеттүү түрдө бет кап режимин жана социалдык аралыкты сакташы абзел. Ал үчүн аэропорттордо атайын белгилер жана маалыматтык стенддер бар. Колду тазалоо үчүн санитайзерди колдонууну суранабыз.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, COVID-19 вирусун жуктурууну алдын алуу үчүн санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери учуп келген бардык жарандардын дене табын текшеришет. Жарандарда ПЦР - тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалым кат милдеттүү түрдө болушу керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.09.2020. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусияга уча алабы
22.09.2020. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,oa
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: