Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева шаардагы күндүзгү стационарлардын даярдыгы жана абалы менен таанышты (сүрөт)














Бүгүн, 22-сентябрда Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди.
Анын айтымында, эгерде өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуй турган болсо, Бишкек шаары боюнча 16 стационар даяр турат. Анын 13ү күндүзгү болсо, 3өө түнкү стационарлар. Жалпысынан 1 миң 173 орун даярдалган.
“Бүгүнкү күндө аталган стационарлар толугу менен медицина тармагына керектүү бардык каражаттар менен камсыз болгон. Ошондой эле бардык орундар сакталуу, кийин өлкөдө эпидемиологиялык абалды карап дагы стационар ачуу жана орундарды көбөйтүү сыяктуу маселелерди карап жатабыз. Ал эми СИЗ формаларын биз жетишерлик деңгээлде алдык, мындан сырткары медициналык кызматкерлерге керектүү бардык каражаттар алынууда”, - деп билдирди Виктория Мозгачева.

Ал эми Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусованын айтымында, даярдалып жаткан стационарлар качан ачылары азырынча белгисиз. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карап ачылат.
“Ленин району боюнча 5 стационар бар. Эң негизгиси ушул Арча-Бешик конушундагы "Газпромдо", андан кийинкиси №95 мектеп Жал кичи районунда жайгашкан. Ошондой эле №68 мектепте Токтогул, Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ак-Ордо конушунда №96 мектепте жана Кызыл Аскер районундагы стационарлар эсептелинет. Азыркы учурда №68 мектептеги стационарды №8 бала бакчага көчүрдүк. Ал эми жалпысынан 277 орун бар”,- деп билдирди Айзада Жунусова.

Аида Рысбаева Биринчи Май районунун
акиминин орун басары
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева эгерде жаңы толкун баштала турган болсо, стационарлар дароо кабыл алууга даяр экендигин билдирип, буларга токтолду:
"Ак-Босогодогу №81 мектепте ачылган бул стационар 8-июлдан баштап 5-августка чейин 4 миң 600дөн ашык кайрылууларды кабыл алды. Ошону менен катар эле бул стационарда ыктыярчыларды кошуу менен 14 медициналык кызматкер иштеди. Бул убакыт аралыгында стационарда бир дагы өлүм катталган эмес.
Ал эми бүгүнкү күндө экинчи жаңы толкун каптай турган болсо, биз дароо кабыл алууга даярбыз. Учурда бул стационарда 8 кислороддук концентратор бар, медицинага керектүү башка препараттардын бардыгы сакталуу жана дагы алынып келүүдө, ошондой эле 40 орун даяр. Ал эми Биринчи Май району боюнча жалпы 9 стационар бар", - деп билдирди Аида Рысбаева.



1 |