super.kg logo

2021-жылдын 1-январынан тартып уюмдар жана жеке ишкерлер салык отчётторун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү

 

Уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчётторун электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеме ушул мезгилден тартып салык отчётун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.

"Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлордон (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr) алууга болот".

Салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: