Бишкектин көчөлөрүндө кайырчылык кылган адамдар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө




Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жол-транспорттук кырсыктарына себепкер болгон көчөдөгү кайырчылык менен алектенген жарандарга карата тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
"Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагындагы чоң унаа жүрүүчү борбордук көчөлөрдө коомдук тартипти бузуп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, кырсыктардын болушуна себепкер болгон атайын кайырчылыкты күнүмдүк жумушуна айландырып, айдоочулардан акча чогулткан жарандар кескин көбөйгөн.
Кайырчылык менен алектенген жарандар унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда кылып, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео камераларына түшүп калган автоунаалар тууралуу фактылар катталууда.
Жогорудагы фактыларды эске алып, милициянын кайгуул кызматкерлери кайырчылык менен алектенген жарандарга карата ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Иш-чара учурунда “Кудайберген” базары, “Аламүдүн” базарынын айланасы жана “Батыш автобекетинин” тегерегинде, ошондой эле борбордук чоң көчөлөрдө жолдун ортосунда кайырчылык менен алектенген 40 жаран милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталып, жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда ал жарандардын аты-жөнү жана убактылуу жашоого үй жайынын даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

