super.kg logo

Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

 

Венгриянын борбор калаасы - Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Ошондой эле иш-чарага Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышты. Өз сөзүндө ал Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын унутуу бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун маданияты үчүн орду толгус жоготуу болорун белгиледи.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүлүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү жазуучу, таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер болгонун белгиледи.

"Анын чыгармалары - алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз уникалдуу "Манас" эпосу менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ал тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экенин кошумчалады.

"Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Мен кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет", - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени - офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
30.09.2020. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм жакшы, дагы да жакшы маселелерди чечип келсин парктарды ачып эле келе бербей. мисалы безвизовый режим ж.б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: