super.kg logo

Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 22 карыя бар

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата согуштун ардагерлери, 101 жаштагы Ашир Рахматов, 100 жаштагы Садык Бурханов, Масеит Исаев жана Анарбай Темиров аксакалдардан кабар алды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациядан билдиришти.

"Учурда Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 22 карыя бар. Ыйгарым укуктуу өкүл алардын ар бирине өзүнүн резервдик фондунан 2 миң сомдон акчалай колдоо көрсөттү. Бүгүнкү күндө облус боюнча 90 жаштан 99 жашка чейин 73 ардагер бар. Аларга жер-жерлерде жергиликтүү бийлик жана мекеме-ишканалар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө. Баткен облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен улгайгандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: