super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт

 

Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жакынкы жылдары генетика, тарых, археология, искусство, маданият жаатында эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Мындан сырткары эки тараптуу кызматташуунун шарттарына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө венгер таануу институтун ачуу пландалып жатат. Ал эми Венгрияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылган сейил бакка анын айкели орнотулат. Венгрия өлкөсүндө улуу инсандын аты кеңири белгилүү жана “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла” повесттери, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” романдары эң көп окулган адабий чыгармалардын катарына кирет.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: