"АКНЕТ" компаниясынын президенти: "Рейдерлик басып алууга айыпталып жаткан адам камактан чыгып дароо биздин кызматты тартып алууга келди"

Маалымат жыйынга “АКНЕТтин” президенти Нурбек Абасканов, компаниянын тең кожоюну Аскар Кутанов, аткаруучу директору Азат Базаркулов жана жактоочусу Рустам Абдурауфов катышты. Алар 6-октябрда "АКНЕТтин" мурдагы президенти тарабынан жетекчилик кызматты тартып алуу аракеттери болгонун айтышты. Айтымдарында, кызматты тартып алууга компаниянын мурдагы президенти Кубан Ажимудинов келген. Ал ошол эле күнү тергөө абагынан үй камагына чыккан дейт Абасканов.
"Адегенде анын бир тууган агасы менен карындашы 100 чакты адам менен келип, бизди кызмат ордубуздан сыртка чыгарып салышты. Алардын артынан Кубан Ажимудинов келип жамаат менен чогулуп, өзү жетекчилик кызматка жайгаша баштады. Ооба, ал компаниянын тең кожоюну, ал компаниянын кирешесинин 33,33 пайызына ээ болууга, иш менен кабардар болууга акысы бар. Бирок бул жерде компаниянын ишин аткара тургандар башка адамдар. Ал күчкө салып бизди жумуш ордубуздан чыгарып салууну көздөдү. Өзү ошол күнү бизге келгенден бир саат мурун эле тергөө абагынан үй камагына чыгыптыр. Рейдерлик басып алууга, ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которууга айыпталып жаткан адам камактан чыгып эле кайра кызматты тартып алууга аракет жасады", - деди Абасканов.
Ал эми компаниянын жактоочусу Рустам Абдурауфов "АКНЕТтин" жетекчилик кызматтарын тартып алууну көздөгөндөрдүн артында саясий партиялардын бири турат дейт.
“АКНЕТтин” жетекчилигинин билдирүүсүнө ылайык, Кубан Ажимудиновго козголгон кылмыш иштин алкагында жүргөн тергөө иштеринин негизинде ал өлкөгө 616 миллион сомдон ашык зыян алып келген деп шектелүүдө. Мындан тышкары компанияга 325 миллион сомдой зыян алып келгенге айыпталууда. Соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Компания жетекчилигине Нурбек Абасканов өткөн жылдын 3-июнунда компаниянын 3 кожоюндун ичинен экөөнүн макулдугу менен дайындалган. Бүгүнкү күндө ишкананын мыйзамдуу президенти Нурбек Абасканов экендигин Юстиция министрлиги дагы тастыктап жөнөткөн.
кошулду
"АКНЕТ" компаниясы: "Үй камагына чыккан адам жетекчилик кызматты тартып алууга аракет жасады"
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















