"Сиз менен сүйлөшүп жатсам, демек, жакшымын. Мени Токтогазиевдин абалы ойлондуруп жатат" дейт Эльвира Сурабалдиева
Бүгүн, 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингде "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев жаракат алган видео тарады. Анда Токтогазиевге көпчүлүк жардам берип "чыда, чыда" деп айтып жатканы көрүнөт.
Бул ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева да жаракат алды деген кептер тарады. Биз анын абалын билүү үчүн 1 сааттай аракет көрүп, бирок байланышуу мүмкүн болбой жаткан болчу. Ушул тапта ал менен байланышууга мүмкүн болду. Айтымында, аны учурда Тилек Токтогазиевдин абалы абдан ойлондуруп жатат.
"Мен сиз менен сүйлөшүп жатсам, демек, абалым жакшы. Митингде мага тиги тийди, бул тийди, кол салуу болду деп айта албайм, азыр баарынан да Тилектин абалы маанилүү. Аны ооруканага алып кетишти", - деди Сурабалдиева.

Башкы рольдордо: Аша,Бабан, Эльвира, Жанар, Тилек...
Ну ка срочно Тилеку Оскар! Эльвира награждается за лучшую женс.роль. Ждём 2-серию. Ушунча болду Арстан Алайды таап кошуп алсаңар сонун болмок. Байкуш Мотуевти го түрмөгө камап коюпсуңар.