super.kg logo

Мыйзамсыз ташылып бара жаткан 3 миллион 297 миң сомдук товар кармалды

 
ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 3 миллион 297 миң сомдук товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
“Баткен” бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда У.М.Ш. аттуу өзбекстандык жарандын башкаруусундагы МАН үлгүсүндөгү транспорт каражатын “KOGEL” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык тыкыр кароо жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынан чектеш мамлекетке мыйзамсыз ташылып бара жаткан жалпы салмагы 8 миң 775 килограмм болгон 219 миң 360 даана 100 ваттык лампочкалар жана М400-Д20 маркасындагы 1100 килограмм портланд цемент табылган.
Кармалган товардын орточо базар баасы 3 миллион 297 миң сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди" , - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.10.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Подстава болгонго
12.10.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Раим мурда крыша болуп турганда
13.10.2020. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне үчүн Раим миллион атка конгон десе. Көрсө иш мында турбайбы. Лампочкадан ушунча акча түшсө, чек ара аркылуу алып өткөн контрабандисттерден түшкөн акчага эсеп жетпесе керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: