Өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат. 24-октябрга карата аба ырайы
Эртең, 24-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде катуу жаан-чачын болот.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +1....+6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +6...+11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат. Түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 градус болот.
