ИИМ: "Чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты"
ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Пакистан Республикасынын жараны тиешелүү документтерди мамлекеттик органдардан жасатып, Кыргыз өлкөсүнө эмгектенүү үчүн Пакистан Республикасынын жарандарын чакырган. Бирок алар келген учурда эмгек келишими жокко чыгарылып, Тышкы миграция жөнүндө мыйзамына ылайык, визаларын жокко чыгаруу жана ишке уруксат бербөө боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Жогорудагылардын негизинде Пакистандын жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келүү үчүн кызматтар көрсөтүлгөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Пакистандын жараны К.Э. кармалган. Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.
