77 миллион сомдон ашуун акчага курулган жаңы инфекциялык оорукананын ачылыш аземи болду



Бүгүн, 28-октябрда коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпустун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров жана Республикалык инфекциялык оорукананын кызматкерлери катышты.
"Азыркы учурда ооруканада коронавируска керектүү бардык жабдыктар бар. Мекеме бир айдын ичинде курулмак. Бирок бир жарым айдын ичинде курулду. Ар бир палатадагы эмеректер тендер менен алып келинди. Эң мыкты сапатта алып келди. Бул оорукана 100 орунга ылайыкташтырылып, заманбап талапка жооп бере тургандай курулду. Мындай оорукана Казакстанда дагы жок. Орточо эсеп менен 50 жыл колдонсо болот. Бейтаптар бүгүнкү күндөн баштап кире башташат. 150 дарыгер иш алып барат. Аппараттарды Европадан жана Кытайдан алып келишти", - деди саламаттыкты сактоо министри.
Ал эми министрликтин басма сөз кызматынан медициналык жайды курууга 77 миллион 500 миң сом сарпталганын кабарлашты.
