Жалал-Абад, Ош шаарында Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы митинг болуп өттү
Жалал-Абад облусунда Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы митингге чыгышты делген видео тарады. Видео учурда социалдык тармактарда тарап жатат.
Анда митинг шаардык театрдын жанында болгону айтылат.
Ошондой эле митинг Ош шаарында жана Өзгөн районунда болгон. Анда администрациянын алдына 5-6 адам келген. Аларды администрациядан чыккан адамдар таратып жиберген.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон сөз эркиндиги маселесине катаал мамиле жасап, мусулмандарга жумшак мамиле кылбоону сунуштап, исламга каршы күрөштү уланта берерин билдирген. Бул чечими менен Франциянын президенти дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандардын каргышына калды. Франциянын коомдук жайларында Мухаммед пайгамбардын таалимдерине шек келтирген карикатуралар илинген. Жогорудагы маалыматтарды чет элдик басылмалар жазып, азыркы тапта Франция дүйнө жүзүнүн көңүл борборунда болуп турат.

Макаро кетсин!