super.kg logo

Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апа: "Аны балам катары өбөйүн десем тосмо тоскоол болду"

 

Кечээ, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда эл менен жолугушуу өткөргөн. Маалым болгондой, анда сөзгө чыккан жашоочулар бир топ көйгөйлөрдү айтышып, Жапаровго суроолорду узатышкан. Дал ошол жыйында Садыр Жапаровго кайрылып жатып "Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам" деп айткан эненин видеосу интернетке желдей тарады.

Ал сүйлөгөндө элдин баары кыраан каткырып, аны сүрөп, кол чаап турушкан жана бул учурга Жапаровдун да кайдыгер карабаганы байкалат. Шамалдай ылдамдык менен тараган бул видеого жылуу пикир жазгандар ого эле көп.

SUPER.KG порталы видеодогу жаран Гүлнара Назаркулова менен телефон аркылуу баарлашты.

Ал Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айылынын тургуну, жети уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн баатыр эне.

Айтымында, ал Жапаровго эркелетип айткан сөздөрүн күнүмдүк эле жашоодо колдонот. Ал кыска жашоодо жакшы сөз сүйлөп жашап өткөнгө эмне жетсин деген пикирде.

“Кызымдын үйүндө отурсам күйөө балам "апа, сиз сүйлөп жатасыз" деп айтып калды. Телефондон өзүмдү көрүп таң калдым. Ал учурда мен сүйлөп жатканда балдар келип видеого тартып жатышкан, бирок мындай тарап кетет деп ойлогон эмесмин. Негизи менин сүйлөгөн сөзүм ушул. Бардык эле балдарды чырагым, лампочкам, садага болоюн деп эркелетип сүйлөйм. Жашым да алтымышка чыгып калды, эч кимди капа кылбайм. Мени урушуп жаткандар болсо, чырагым, лампочкам деп айтып жалынып, тамашага салып кутулам. Садыр мага назары ток көрүндү, саясат сасык деп мурун маани берчү эмесмин, азыр маани берип калдым”, - дейт ал.

Ал кесиби боюнча айдоочу, Майлуу-Суу лампа заводунда да иштегенин баяндап берди. Кагылып, тегеренип эзилип эркелете сүйлөгөн Гүлнара Назаркулованын маегин толугу менен видеодон көрүңүз.






Садага болоюн, чырагым, лампочкам деген апа маегинде лампа заводунда иштегенин айтты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(2)
04.11.2020. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апалар бар болсун! Менинда Апам мени кичине балача эркелетип суйлойт бир баланын апасы болсом да,апакем менин, дайыма журогумдосуз,сагынамын,бат-баттан баргым келет,эркелегим келет Бирок,кайын журттун катуулугунан чыга албай,сизди кооп куттуруп,сагындырып барам.
05.11.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы дагы жаман дагы соз бир ооздон чыгат.Ошон учун баланы урушканда дагы бай болгур,башын оскур деген сыяктуу создорду колдонуш керек экен.Тил ошого конот.Бул эжебиз ошондой "даамдуу"суйлогондордон экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: