super.kg logo

"Азырынча коомдук транспорттордун каттамын токтотуу маселеси жок". Вице-мэр айдоочуларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

 
Борбор калаанын Транспорт жана жер саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов коомдук транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анда вице-мэр борбор калаадагы эпидемиологиялык абал курч экенин, коомдук транспорттордо санитардык талаптар аткарылбай жатканын билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, азырынча коомдук транспорттордун каттамын токтотуу маселеси карала элек.
"Азиз Алымкулов COVID-19дан коргонуу чараларын күчөтүүнү, тапшырып, биринчи кезекте айдоочулар эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүү керектигин айтты. Ошондой эле ар бир кичи автобустарда вирустан коргонуунун эрежелери камтылган маалымат болушу шарт экенин белгиледи. Ал эми транспорттук компаниялардын жетекчилери айдоочулар арасында сасык тумоого каршы массалык эмдөө жүргүзүүнү сунушташты.
Вице-мэр кичи автобустардын абалына көңүл буруп, эски унаалар шаардын экологиясына терс таасирин тийгизерин айтып, жүк ташуучуларга транспортторду жаңыртууну ойлонуштурууга чакырды", - дешти мэриядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: