11-ноябрдан баштап мектептер ачылат. А жогорку окуу жайларчы? Жооп
Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1 миң 489 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданарын билдирет. Бул туууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Алардын ичинен:
- 411 мектепте – 1-класстын окуучулары үчүн;
- 367 мектепте – 1-6-класстын окуучулары үчүн;
- 475 мектепте – 1-11-класстын окуучулары үчүн;
- 236 мектепте – 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары үчүн кадимки режимдеги окуу башталары маалымдалат.
Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берилбегени маалымдалат.
Ал эми Жогорку окуу жайлардагы окуу процесси кандай болот? Бул тууралуу маалыматты билүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда ЖОЖдордо сабактар онлайн форматта улана берерин айтышты.


1 |