Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ош шаарында өттү







Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун сөөгү туулган айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 13-ноябрда Исаковдун сөөгү кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылына коюлат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Ош мамлекеттик университетинде өттү.
Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков кечээ, 12-ноябрда пневмония дартынан улам мезгилсиз дүйнө салды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.