Баткен ОИИБи: "10 айдын ичинде Кызыл-Кыя шаарында 31 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон"
Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик менен жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Баткен шаарынын мэриясында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Айбек” базарынын айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана шаар аймагындагы автоунаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча жыйын болуп, тийиштүү тапшырмалар берилди.
2020-жылдын 10 ай ичинде Кызыл-Кыя шаар аймагында 83 мас айдоочу кармалып, тийиштүү чаралар колдонулган. Ал эми 31 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон. Жаш өспүрүмдөр катталган 6 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок.
