super.kg logo

Айда деп айдоочуну тепкилеген окуя 193-маршруттук таксиде тартылган. Айдоочу арыз жазганы белгилүү болду

 

Маршруттук таксинин айдоочусу айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Видео 193-кичи автобус каттамында тартылган. Маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов З.А.нын айтымында, жаңжалды жүргүнчү аял баштаган. Ал кыймылды тездетүүнү же салондогу адамдардын бардыгына акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Андан кийин ал күч колдонуп, айдоочуну бир нече жолу уруп, орой сөздөрдү сүйлөп, өзүм билемдик менен акча алган.

Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине ылайык, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү айдоочунун ишине такыр жолтоо болбошу керек. Маршруттук таксинин айдоочусу Свердлов РИИББине арыз жазды", - деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин социалдык тармактарда маршруттук таксинин айдоочусун тепкилеген аял кишинин видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
23.11.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирдемени коргону калыптыр бул катын
24.11.2020. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеткизишет өздөрү ошого, аял эмес эркек жүргүнчүлөрдүн деле кыжыры келип атыптыр. Сабыры жогураак турбайбы бир аз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: