Ош ШИИБи: "Оңой-олтоң акча табуунун жолуна түшүп, тилемчилик кылгандар көбөйдү"







Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан Ош шаарынын аймагында «Тилемчи» деген аталыштагы профилактикалык рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Рейд учурунда ар кандай 69 коомдук жайлар: базарлар, соода түйүндөрү, вокзал, унаа токтоочу жайлар, жол бойлору текшерилди. Анда тилемчиликке тартылган 16 өспүрүм аныкталды. Алардын айрымдарынын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин 61-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бирине миң сомдон айып пул салынды.
Кармалган ар бир өспүрүм жана алардын жакындары менен профилактикалык маектешүү жүргүзүлдү. 1 өспүрүм балдар үйүнө жайгаштырылып, Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына 3 өспүрүмдүн жашоо шарты тууралуу материалдар жөнөтүлүп, мамлекеттин карамагына алуу боюнча сунуш келтирилди.
"Тилекке каршы, айрым тилемчилер тилемчиликти кесип катары көрүшүп, жол кыймылынын коопсуздугуна да тескери таасир тийгизип, жол бойлоруна чыгып алгандыгы өкүндүрөт. Учурда аталган инспекция кызматкерлери тарабынан тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жумуштар уланууда. Өкүнүчкө карай, айрым ата-энелер учурдагы оор кырдаалды шылтоо кылып, адамдардын аёо сезимдерин ойготуу үчүн балдарын курал катары пайдаланышып, тилемчиликке түртүп, же жанына кошо алып жүргөн учурлары азайбай жатат. Арасында жалган жерден ден соолугунун оордугуна байланыштуу «дары үчүн жардам бергиле» деген жалган шылтоону айтышып,оңой-олтоң акча табуунун жолуна түшүп, тилемчиликти "кесип" катары көрүп калгандары да бар. Аларга балдарынын келечектеги тагдырынан да, тилемчилик менен акча табуусу маанилүү болуп жаткандыгы өкүндүрөт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.


1 |