super.kg logo

Кербенде аялды өз үйүндө жоолук менен муунтуп өлтүргөн. Шектүү Ошто батирде жашырынып жаткан жеринен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында аялды өз үйүндө муунтуп өлтүргөнгө шектелип, Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Аксы районунун тургуну 102 кызматына телефон чалып, Кербен шаарында жашаган 49 жаштагы К.Ж. аттуу карындашын өзү жашаган үйүнүн бөлмөсүндө белгисиз бирөө жоолук менен муунтуп өлтүргөндүгүн кабарлаган. Окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барган.

Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын башында кандын уюп калган калдыктары жана жанчылып жарылган жарааты, ошондой эле мойнунда муунтулгандан калган көгөргөн издери байкалган. Аксы РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көп өтпөй 26-ноябрь күнү, Ош облусунун 38 жаштагы тургуну Т.Ф. убактылуу жашап жаткан батиринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү маркумду өлтүрүп, алтын буюмдарын, кол телефонун алып, андан кийин Ала-Бука районуна барган. Ошол жерден жеке таксиге отуруп Ош шаарына келе берген. Алып келген зер буюмдарды жана телефонун сатып батирге чыгып, жашырынып жаткан. Жактоочунун катышуусунда Т.Ф. суракка алынып, кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган жана болгон окуя боюнча толугу менен көрсөтмө берген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.






Баткенде 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аялдын тууганы издөө иштери тууралуу айтып берди

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.11.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Катуу чара корбосо ушундайлар кобойуп кетти.
29.11.2020. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтуруш тоок олтургон менен эле барабар болуп калды го тообо.Кээ адамдар келечегине ошончо лук томон денгээлде караганы окунучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: