Кыргыз өлкөсүнүн Казакстан, Орусия мамлекеттери менен темир жол каттамдарынын графиги түзүлдү
Кыргыз өлкөсү Орусия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылдагы эл аралык каттамдарынын графигин түздү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, поезддер төмөнкү график боюнча каттайт:
1) Бишкек - Москва каттамы, жумасына эки ирет;
2) Бишкек - Казань каттамы, жумасына бир жолу;
3) Бишкек - Новосибирск - сегиз күндө бир жолу;
"Поезддер бул график боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр үч өлкөдө тең алынгандан кийин каттай баштайт. Ошондой эле эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат берсе, Бишкек - Кайыңды, Бишкек - Кара-Балта, Бишкек - Токмок ички каттамдарын дагы жандантабыз", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эл аралык темир жол каттамдары 2020-жылдын 17-мартында убактылуу токтотулган. Ал эми ички каттамдарга 25-мартта чектөө киргизилген.



1 |