Батукаев боюнча кылмыш иши: Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевге карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды

Эскерте кетсек, кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаев Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, чечим өзгөрүүсүз калган.
Мындан сырткары, аталган иш боюнча соттолгон үч адамдын өкүмү да жокко чыгарылды. Алар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Батукаевге диагноз койду деген дарыгер-академик Абдулхалим Раимжанов жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев.
Кылмыш иши кайрадан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.
Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды
Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев өкүм алдында акыркы сөзүн сүйлөгөн жок
Батукаевдин иши боюнча өкүм чыккан жок
Батукаевдин иши боюнча өкүм чыгат
Батукаев иши: Индира Жолдубаева айыпталуучу сураган 15 жылга макул эмес
Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 12-декабрга жылды
27 томду түзгөн Батукаев боюнча соттук иш: Атамбаев келген жок









1 |