Чыныбай Турсунбековдун кызы: "COVID-19га даярдык көрүүгө жооптуу аткаминерлерди жазалоо талабы менен прокуратурага арыз жазабыз"
Пандемия учурунда жакындарын жоготкон Кыргыз жарандарынын коомдук бирикмеси COVID-19га даярдык көрүүгө жооптуу аткаминерлерди жазалоону талап кылышат. Бул тууралуу маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун кызы Айсулуу Турсунбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.Белгилүү болгондой, учурда прокуратурага арыз берүү үчүн кол топтолуп жатат.
"Биз дарыгерлерге каршы эмеспиз, алар түзүлгөн ыңгай-шартта колунан келгендин баарын жасашты. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар, коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес.
Биз, эмдигиче ковидге каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар кандай бөлүнгөнү боюнча отчёт ала элекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо жаратат", - деп жазган Турсунбекова.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:19
2026-03-10
11:42
2026-03-10
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(2)
ibro80
08.12.2020. 11:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруканда жаткан адамга бир да мамлеееттен жардам жок,дары дармекке бир кунго 8000 10000 акча коротосун байкуш карапайм калк эле кыйналууда.
leilekstan_1987
08.12.2020. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сенин атан.да пандемияга чейин пандемия учурунда ак уй кок уйдо сырттан келген акчаларды козомолдогон киши болуп чиновник болуп иштеп турган. Айсулуу айым Андан коро атана куран окуп дуба кылууну сунуштайт элем
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















