Тайырбек Сарпашев: "Бир туугандарым аянты 1000 чарчы метр имаратты мамлекетке өткөрүп берет"
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев бүгүн, 15-декабрда кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына сурак берүүгө келди. Сарпашев суракка кирүүдөн мурда журналисттердин суроолоруна жооп берип, бир туугандары аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп берерин билдирди.
Анын айтымында, имаратты мектеп ордуна же бала бакча ордуна колдонсо болот.
"Айылдаштарымдан менин бир туугандарыма карата даттануулар көп түшүп жатат. Тилекке каршы, көпчүлүк мунун артында мен тургандай кабыл алып жатышат. Ошондон улам 530 гектар жерди туугандарым буга чейин мамлекетке өткөрүп беришкен. Алдыда Токтогул районунда жайгашкан аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты Торкен айылынын карамагына өткөрүп беришет. Имарат көптөн бери колдонулбай турган. Оңдоп-түзөп окуу борбору катары колдонсо болот", - деди Сарпашев.
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге ноябрь айынын аягында кылмыш иши козголгон. Ал тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирип, буга чейин 530 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген.
Бишкекте кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери митингге чыгышты












1 |