super.kg logo

Өрттөн каза болгон жаш эне менен 3 наристенин сөөгү жерге берилди

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен жаш эне менен 3 наристе каза болгон. Келин менен наристелер жерге берилгенин Бостери айыл өкмөтүнөн билдиришти.

"Жаш келин менен 2 уулу 15-декабрда Бостери айылында жерге берилди. Ал эми жээни болгон наристенин сөөгү Канткка коюлду. Каза болгон келин күйөөсү жана үч баласы менен Новопакровкадагы сарайда 5-6 жылдан бери иштеп жүрүшкөн. Өрт чыккан маалда үйдүн 9 жаштагы улуу баласы сыртта болуп, ал аман калган. Ал эми келин үйдөгү наристелерди алып чыгам деп кирген бойдон кайра чыкпай калган", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

13-декабрда Новопокровкадагы кашардын жумушчусу турак үйдөгү мешке от жагам деп бензин колдонгону, мындан улам өрт чыкканы маалым болду. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши 1995-жылы туулган, 1 кыз 2016-жылы туулган, 2014-жылы, 2017-жылы туулган 2 бала каза болгондугу кабарланган.

Куткаруучулар бөлүмүнө өрт тууралуу билдирүү саат 14:36да түшкөн. Саат 14:51де куткаруучулар айтылган дарекке жетип, саат 15:14тө өрт чектөөгө алынган. Саат 20:47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан каза болгон наристелердин бири коңшусунун баласы болгонун билдиршкен. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кашардын 21 жаштагы жумушчусу кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2020. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жараткан мээримине алсын..(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: