super.kg logo

Маданият - Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү

 

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош автожолунун Маданият - Жалал-Абад участогунун курулушу менен таанышты.

Жаңыланып салынып жаткан жолдун жалпы узундугу 67 чакырым. Жол курулушунан тышкары 8 көпүрө, 181 чакан жасалма курулуш, базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жол, калктуу пункттарда аялдамалар салынат. Долбоор 2022-жылдын июнь айында бүткөрүлөт.

Вице-премьер-министр бул автожолдун стратегиялык маанисин белгилеп, долбоорду өз мөөнөтүндө аяктоо тапшырмасын берди.

"Бул долбоор толугу менен ишке ашырылса, Ош-Бишкек каттамындагы жол кыймылынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Пандемиядан кийинки кризисти эске алганда бул долбоорду ишке ашыруу экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет. Тагыраак айтканда, товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт. Ошондуктан каттамды салуу ишин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү зарыл", - деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жаңыланып салынып жаткан жолдун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынышы керек.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Маданият - Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү. Жалпысынан каттамды куруу ишине 150 киши тартылган, анын 90 пайыз жергиликтүү эл түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.12.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртелеткилечи ошол жолду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: