super.kg logo

"Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге компенсация төлөө үчүн документтер каралып жатат". Оштогу эпидемиологиялык абал

 

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарындагы эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берилди. Ага ылайык, жалпы Ош шаары боюнча март айынан бери коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоодо 3 миң медициналык кызматкер иш алып барышууда. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов брифингде билдирди.

Анын айтымында, кызыл зонада иштеген ак халатчандарга компенсация төлөө үчүн учурда документтер каралып жатат.

"Эпидемиологиялык абалда иштеп, коронавирус илдетин жугузган 438 медицина кызматкеринин документтери Саламаттыкты сактоо министрлигине компенсациялык төлөмгө жөнөтүлүп, анын ичинен "Тез жардамдагы" 8 кызматкерге компенсация төлөндү. Калгандарына төлөнүү үчүн документтери каралууда.

Ноябрь айында Ош шаардык башкармалыгы тарабынан бирдиктүү төлөм тутумунда иштеген Саламаттыкты сактоо мекемелеринин коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоодо тартылган 558 медицина кызматкерине жалпы 12 миллион 463 миң сом компенсация төлөндү. Ал эми эпидемиологиялык кырдаалда очоктордо жана жумуштан кийин иштеген Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 90 адисине 6 миллион 191 миң 453 сом кошумча акча каражат төлөндү. Коронавирус илдети менен каза болгон бир адиске 1 миллион сом компенсация төлөндү", - деп билдирди Шадыханов.

Ошондой эле учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу да кошумчалады.

"Ош шаарынын аймагында жалпы 582 койка уюштурулду. Анын ичинен 2 изоляцияда жалпы 167 койка бар. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имаратында 100 койка, ал эми жеке клиникалык ооруканада 67 койка, эки обсервацияда 35 койка бар жана башка. Учурда резервде 370 койка бар", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: