super.kg logo

"Кыргыз элиме ыраазычылык айтам". Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

 

Дүйнө кубогунда жеңүүчү болгон балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады.

"Өтүп бара жаткан жыл баарыбыз үчүн оор жылдардан болду. Көптөгөн эл аралык мелдештер узак убакытка жылдырылды, ага карабастан кыргыз спортчулары Дүйнө кубогунда ийгилик жаратып, кыргыз элин кубандыра алды. Ошондой эле келечекте кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөгө атагы чыккан кыргыз кыздарынын өсүп чыгарына ишенем. Жылдын аягында Бириккен күрөш дүйнөсү онлайн жарыш уюштуруп, жыйынтыгында жылдын мыкты спортчу айымы наамын жеңип алдым. Бул эмгек үчүн кыргыз элиме ыраазычылык айтам. Келе жаткан жыл өткөн жылдан кем калбай кыйын болот. Анткени бизди Токиодо өтчү Олимпиада оюндары күтүп турат. Анда биз татыктуу жеңиш көрсөтүшүбүз керек. 4 жылда бир өтүүчү чоң мелдеште өлкөнүн үмүтүн актоого аракет кылабыз", - деп билдирди Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова быйыл Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болуп, андан соң кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды.









Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: