22 жаштагы Тилек жардам сурайт. Жаңы жыл күнү темир жолдон бир адамды куткарып, өзү эки бутунан ажыраган
Бишкекте 31-декабрь күнү Тилек Жумабеков темир жолдо бир адамдын өмүрүн сактап калып, өзүнүн эки бутунан айрылып калды. Ал учурда ооруканада жардамга муктаж. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Тилек азыр жардамга муктаж болуп турат. Ал Жаңы жылдын алдында эки бутунан айрылды. Ал жашашы керек. Үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан өтө эрте иштеп баштаган. Анткени анын башка дагы бөбөктөрү бар. Ал ар дайым апасынын жардамчысы жана таянычы болуп келген. Кандай гана жумуш болбосун ал иштечү. Достор, Тилекке кан керек. Ага кандын бардык группасы жарай берет. Тилек адамды темир жолдон сууруп чыгарып, куткарып калган", - деп жазган вице-мэр.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, окуя 31-декабрь күнү түнкү саат23:45те Быстровка темир жолунда болгонун айтты. Окуя учурда териштирилүүдө ал эми жабырлануучу
Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда деп билдирет басма сөз кызматы.
Ырчылар Алмаз Шаадаев менен Кызсайкалдын иш-чарада тартылган сүрөтү талкуу чордонунда
Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.