super.kg logo

Аксы РИИБинин башчысы ээлеген кызматынан бошотулду

 
Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБинин башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин буйругу менен Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалат.
"2-январь күнү Жалал-Абад шаарында 7-октябрь күнү өткөн массалык башаламандык жана Улан Жаманкуловдун өлүмүнө алып келген денесине ар кандай жаракаттар келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аксы районунун Кербен шаарынын жашоочусу Ш.Ж. кармалып Жалал-Абад облусунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайында киргизилишине нааразычылыгын билдиришип 300гө жакын адам митингге чыгышкан.
Митингге чыккандар Ш.Ж.га карата бөгөт чарасын сыртка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөртүп берүүнү, сотко чейинки өндүрүштү калыс иликтөө жана Аксы райондук администрациясынын башчысы Эсеналы Ормоналиев менен Аксы РИИБинин башчысы Шекербек Таңгировду ээлеген ордунан бошотууну жана аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.
Азыркы учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган кылмыш ишин иликтөө мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ал УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев дагы ээлеген кзыматынан өз арызынын негизинде бошотулганын "Турмуш" басылмасы жазып чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: