Депутат Дастан Бекешев президенттикке талапкерлердин ар бирине мүнөздөмө берди
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттикке талапкерлер жөнүндө тред (твиттердеги репортаждын жаңы түрү) жазды. Бул тууралуу Бекешев "Депутаттын ойлору" деген телеграм-каналында билдирген.
Төмөндө депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармакта жазган айрым талапкерлер боюнча треддерин жарыялайбыз.
Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев - "Менин мурдагы партиялашым. Чогуу "Ар-Намыс" партиясына келгенбиз. Биздин көз караштарыбыз келишпей, түшүнбөстүк жаралган учурлар болгон. Бирок жеке кемсинтүүлөргө жеткен эмеспиз. Мен анын эмне себептен президенттикке барып жатканын билбейм".
Талапкер Бакыт Калмаматов - "Анда парламенттик шайлоонун астында жакшы стартап пайда болушу мүмкүн. Балким, өз алдынча эле өтүп кетет же бир партияга кошулат. Ораторлук чеберчилик боюнча сабак алгандай аябай жакшы сүйлөп калды".
Талапкер Равшан Жээнбеков - "Мен анын бекемдигине таң калдым. СИЗОдо отуруп тергөө менен кызматташууга барган жок. Чынын айтсам, башында тергөө менен сүйлөшүп алат деп ойлогом. Анын либералдык идеяларына дайыма эле кошула бербейм".
Талапкер Арстанбек Абдылдаев - "Мен ал башы менен бир нерсеге урунуп алган го деп ойлогом. Бирок аны менен жеке сүйлөшүп көргөндөн кийин акыл-эси ордунда эле экенин түшүндүм. Кыскасы, бул анын образы экен жана бул образ жакшы жаратылып жатат".
Талапкер Курсан Асанов - "Көп убакыт бою ИИМде министрдин орун басары болуп иштеди. Депутаттардын ар бир суроосуна жоопторду билчү. Кээде калп жоопторду ойлоп таап койчу. Харизмасы бар. Сөз берип коюп, унутуп калышы мүмкүн. Инсан катары жакшы мамиле жасайм, милиционер катары..."
Талапкер Улукбек Кочкоров - "Шайлоо компаниясын такыр эле жүргүзгөн жок же өтө тынч алып барууда. Октябрь окуялары болуп кетпегенде өкмөттөгү жакшы орунга бармак".
Талапкер Адахан Мадумаров - "Ал кызмат адамынын позициясында турганда ага баары жагып турчу. Кеткенден кийин эч нерсе жакпай калды. Мындай көрүнүш биздин көпчүлүк саясатчыларга мүнөздүү".
Талапкер Абдил Сегизбаев - "Менин оюмча, ал саясий туткун катары көрүнүү үчүн бардык нерсени жасап жатат. УКМК мурдагы төраганын орун басарларын СИЗОго отургузуп жаткандан кийин, шайлоодон кийин Сегизбаевге киришет болуш керек".
Талапкер Рашид Тагаев - "Жарыштан чыгып кетти. Негизи эле убактысын коротуп эмнеге катышканы түшүнүксүз".
Талапкер Имамидин Ташов - "Бул адамга шайлоонун эмне кереги бар экени такыр эле түшүнүксүз".
Талапкер Канат Исаев - "Саясатта кадамдары бири-бирине каршы келген инсан. Бабанов менен ажырым жолго түшүп, кайра 5 жылдан кийин 2017-жылы кайрадан бирикти. "Кыргызстан" партиясынын лидери катары кээ бир депутаттарды жетиштүү добуш ала албаганын айтып партиядан чыгарып салды".
Талапкер Садыр Жапаров - "Польшада жүргөндө мигранттар арасында упай топтой баштаган. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип, абакка отуруп калганда дагы көп упай топтоду. Керемет болуп Садыр Жапаров өтпөй калса дагы, ал бийликтен кетпейт. Менин терс мүнөздөмөмө карабастан 63-67 пайыз алат".
Талапкер Клара Сооронкулова - "Ал конституциялык палатанын судьялыгына көрсөтүлүп жатканда кандай добуш бергеним эсимде жок. Сооронкулованы Мырзакматов менен байланыштырып келишет. Менин билишимче, ал "Улуттар биримдиги" партиясына аз эле убакыт мүчө болгон".







1 |