super.kg logo
  Саясат  

Депутат Маматалиев: "Бишкекти каптаган кара түтүн маселеси боюнча жазында Абылгазиевге 3 жолу киргем"

 

"Бишкекти каптаган кара түтүн маселеси боюнча жазында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 3 жолу киргем" деп Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

"Кара түтүн боюнча Жогорку Кеңеш бир жыл мурун атайын токтом кабыл алган. Ал аткарылса кара түтүн кичине болсо да азаймак. Шайлоо болуп кетти, коронавирус илдети пайда болду.

Бирок коронавирус илдети биздин өлкөгө келе электе жазында ошол кездеги премьер-министр Абылгазиевге үч жолу киргем. Азыртадан баштап чараларды көрүү керектигин, кийинки жылы мындан да жаман болорун айткам. Ал киши өзү дагы иштей албай койду, башкаларды дагы иштеткен жок. Токтомдун бир дагы пункту аткарылган эмес экен. Азыркы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен чогуу тоонун үстүнөн шаарды карап келип, бир топ тапшырмаларды бергенбиз", - деди ал.






#ГалстукТар “Элдин депутаттардан жийиркенип калганын көрүп эле жүрөм” дейт Марлен Маматалиев

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бактыгүл Султаналиева, Бекболот Сарыбаев
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: