Фотоальбом. 53 жашка толгон Айчүрөк Иманалиеванын баёо секелек кези, бакыраң көз бажырайган бийкеч учуру, жар жана эне болгону сүрөттөрдө
Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 53 жашка толду. Ырчынын уулу Арлен менен кызы Аэлита да дал ушул күнү төрөлгөн. Мындан улам буга чейин туулган күндү үчөө биргеликте белгилеп келгенин айтат.
Үй-бүлөлүк досторубуз түнкү 12де куттуктап келишти. Сулуулук салонго да барып куттукташты. Уулум менен кызым деле туулган күнүн биз менен белгилеп келишчү. Бул жолу кызым Аэлита туулган күнүн курбулары менен өткөрөйүн деп жатат", - деди ал.
Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы Талас районунун Калба айылында туулган. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистинин секелек кезден азыркы кезге чейинки сүрөт баяны.
Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү", "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.
Боронов сурак берди, студенттер контрактты 50 пайызга кыскартууну талап кылышууда

Айчүрөк айым тээ баштан эле красавица, модница, сахна үчүн жаралган айым болгон экен. 1968-жылы туулгандардын сүрөттөрүн карап көрсөңөр мындан башкачараак сыяктуу көрүнөт.