Кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы
Эртең, 13-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,
Ысык-Көл дубанында түнкүсун -4...-9, күндүз -2...+3,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9,
Нарын жергесинде түнкүсүн -16...-21, күндүз -8...-13,
Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -8...-13 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2 градус болот.



1 |