super.kg logo

Мирлан Самыйкожо: "Бугуңдун бир чындыгын айтпай кеттиң. Булактай булбулум ай, мөлтүрөгөн..."

 

Акын Мирлан Самыйкожо Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерип төмөнкүлөрдү билдирди.

"Элмирбекти эстегенде кулагы менен укпаган, көзү менен көрбөгөн, оозу менен сүйлөбөгөн чоң бир океанды элестетем. Муну айтып жаткан себебим, Элмирбек Иманалиев биз көргөн турмушту, биз жашап жаткан жашоону көзү менен эмес, көөдөнү менен көрчү. Ал кулагы менен эмес, жан дүйнөсү менен укчу. Оозу менен сүйлөчү эмес, жүрөгү менен сүйлөчү. Эстей берсе сөз арбын, мен Элмикеме арнаган ырымды окуп берейин", - дейт Самыйкожо.


Сырымдын сынчысы жок сынып турат,
Сыйымдын сыйкыры жок тынып турат.
Сызылып обондоруң тамырымдан,
Сыйрылган жүрөгүмдөн чыгып турат!

Ээнсиреп эсим баарын танып турат,
Эгемдин бул дүйнөсүн чанып турат.
Көөдөнгө чокмороктоп чоктор толуп,
Көзүмдөн кызыл жалын тамып турат.

Кенч элең, кен байлыгы эселеген,
Керемет тереңдикке жетелеген.
Акылга сыйбай калган жерден таштап,
Андан да тереңдерге кете берген.

Туюмуң тунук эле булак жыттуу,
Туңгуюк зоокалардан кулап чыкчу.
Дүңгүрөп көөдөндөгү шаркыратмаң,
Дүйнөңдү аңтар-теңтер бурап чыкчу.

Сын элең сыры сыртка билинбеген,
Чың элең чымыр дүйнөң тилинбеген.
Сезимиң толкундардай тирүү толкуп,
Сен өзүң обон элең дирилдеген.

Таанымың тамыр эле терең кеткен,
Тагдырдын таржымалын тереңдеткен.
Канча ирет укса дагы уюта албай,
Канчасы түшүнө албай керең кеткен.

Жан дүйнөң жар салчу эле тазалык деп,
Жасалма, жалгандардан качалык деп.
Жарымын сен сезгендин бирин сезбей,
Жашоону жүргөндөр көп жашадык деп.

Күлгөндү көрүп чындап күлө алчусуң,
Күйүткө күлүмсүрөп жүрө алчусуң.
Сезимди булганычтан коргоп жашап,
Сен сүйсөң жүрөк менен сүйө алчусуң.

Сен ойдун асылдарын бага алчусуң,
Аярлап табиятын таба алчусуң.
Кайдагы майда-барат көр тирликтин,
Каалгасын кылчактабай жаба алчусуң.

Жаркырап жасалмасыз жарык элең,
Жакшы ой, жакшы сөзгө канык элең.
Буйдалып, булдуруктап жаңылбаган,
Булбулдун даана өзү, аныгы элең.

Буулугуп бул дүйнөгө батпай кеттиң,
Буркурап издегениң таппай кеттиң.
Буюккан булуттардай төгүп-төкпөй...
Буулган каптын оозун сөгүп-сөкпөй...
Бугуңдун бир чындыгын айтпай кеттиң.
Булактай Булбулум ай! - мөлтүрөгөн...
Баягы мүнөзүңдөй мелтиреген...
Бизге эми келбес болуп кайтпай кеттиң!

Бүк түшүп бул турмушка көнгөн жоксуң,
Пенделикке булганып көргөн жоксуң.
Тумардай бүт кыргыздын жүрөгүндө,
Түбөлүк тирүү бойдон өлгөн жоксуң!






Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесинен репортаж

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
18.01.2021. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун жазыптыр
18.01.2021. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет жүрөгүңдү титиретет Мирлан мырза бар болуңуз сизге ийгилик
18.01.2021. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң сонун саптар. Бар болуңуз
SUPER.KG видео
19.01.2021. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек Иманалиевдин шакирти Элмирбек Иманалиев кичине кезинен эле шакылдап акын болуп төгүп чыкты! Элмирбек устатындай таланттуу болсун жаш шакирти! Бирок өмүрүң узун болсун! Ушундай артында Элмирбек аганын шакирттери бар экенине абдан кубандым! Элмирбек аганын шакирттери асманыңар ачык, жолуңар кенен, шыдыр, өмүрүңөр узун болсун! Элмирбек агага чоң рахмат ушундай шакирттерди тарбиялап бизге калтырып кеткенине!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: