super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө өткөн жыл ичинде 9 миңден ашуун үй-бүлө ажырашты (статистика)

 

2020-жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө 39 миң 944 түгөй баш кошкон. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 49 миң 395 түгөй катталган.

"2020-жылы 9 миң 150 түгөй ажырашкан. 2019-жылдын ушул эле мезгилинде 10 миң 995 ажырашуу катталган. Ошентип 2019-жылы 2020-жылга караганда нике жана ажырашуу каттоосу көбүрөөк катталды", - деп жазылат маалыматта.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө нике жана ажырашууну каттоонун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү.

"Эми жубайлардын бири ажырашуу жөнүндө арыз жазса, экинчиси кийинчерээк кайрылса, анда ал маалымат ажырашуу жөнүндө актынын биринчи кайрылуунун каттоосуна киргизилет. Мындан тышкары, жубайдын бирөөсү сот тарабынан дайынсыз жоголуп, аракетке жөндөмсүз деп табылып же кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө соттолгон учурда, анын жубайынын талабы боюнча ажырашууну мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнгө салган эреже киргизилген", - деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.01.2021. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журогубузго ыйман кирсе, намаз окусак, кудайдан корксок ажырашуу жана башка коптогон маселелер аллахтын жардамы менен чечилет. Сабырдуу да болуп калабыз. Ажырашуу кудайга жакпаган нерсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: