Борбор калаадагы маршруттук унааларда жол кире акысын көтөрүү маселесинин “күнгөйү менен тескейи”





18-19-январда борбор шаарыбыздагы кичи маршруттук унаалардын айдоочулары кол кире акысын 15 сомго көтөрүү талабын коюп, айрымдары жумушка чыкпай коюшкан.
Кечээ, 19-январда шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук унаалардын айдоочулары менен жолугушуп, көйгөйдү май айына чейин чечип берүүнү убадалады. Азыркы тапта маршруттук унаалардын айдоочулары каттамга чыгып, ишин улантышууда.
Маршруттук унаалардын айдоочулары бул көйгөй биринчи жолу көтөрүлбөгөндүгүн, бардык нерселер: доллар, азык-түлүк, унаа тетиктери кымбаттап жатканы менен, жол кире акысы көтөрүлбөй келгенин айтышты. Ошондой эле жол унаанын ичиндеги тазалыкты сактоо ар бир айдоочунун өзүнөн экендигин баса белгилеп өтүштү.
Ал эми жүргүнчүлөр коомдук унаадагы жол кире акысы көтөрүлсө унаанын ичи таза болсо, адамдарды көп салбаса, жүргүнчүлөр бири-бирин сыйласа деген пикирлерин билдиришти.
Урматтуу окурман, бул тууралуу толугу менен видеодон көрүңүз.
Маршруттук унааларда жол кире акысын көтөрүү маселесинин “күнгөй менен тескейи”




1 |