super.kg logo

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи кимдер алат?

 

Кыргыз өлкөсүндө COVID-19га каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөөнүн биринчи этабында медиктер, андан соң тобокелдик жогору болгон топтогулар жана калктын аярлуу катмары өтөт. 2 этаптагы эмдөө COVAX программасынын негизинде жүргүзүлөт. Ал эми үчүнчү этаптагы эмдөө мамлекеттин жана донордук бирикмелердин эсебинде болот. Калкты биринчи жана үчүнчү этап менен эмдөөгө 226 миллион 757 миң 870 сом сарпталат.

Экинчи этапта COVAX (глобалдык эмдөө альянсы) программасынын негизинде эмдөө жүргүзө турган адамдардын саны 1 миллион 200 миң адамды түзөт.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVAX программасынын негизинде Кыргыз өлкөсүнө алынып келе турган "Pfizer" вакцинасынан аны сактай турган муздаткыч жок болгондугуна байланыштуу баш тартканыбыз тууралуу айткан.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: