"Мээси кургап баратат". Жалгыз бой келин төрөт учурунда башы кысылып калган баласынын абалын айтып берди (видео)





Төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган. 2020-жылдын 21-сентябрында үч кыздан кийин төртүнчү баласын төрөп жатканда кан басымы көтөрүлүп эс-учун жоготкон. Ошол учурда баланын башы кысылып калган. Эне-бала 1 ай жандандыруу бөлүмүндө жатып, азыркы күнгө чейин дарыланып келишет.
“Андан бери төрт ай өттү, тиленип алган балам төрөлгөндөн бери дары-дармек ичип жатат. Азыр дарыгерлердин айтымында, мээси кургап баратат. Коюлган диагноз Эпилепция ДЦП. Аны биздин өлкөдө дарылашпайт экен. Бир гана Индияда операция жолу менен айыктырса болот. Бирок акчасы 7500 доллар турат. Өзүм жалгыз бой энемин. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Төрөгөнгө чейин иштеп кыздарымды бакчумун, азыр минтип баламдын жанында күнү-түнү турушум керек. Боорукер элимден жардам сурайм, башыбызга түшкөн сыноодон баламды куткарып чыгышыма жардам бериңиздер”, - дейт Айнура Дооткулова.
Айнура эжеге жана анын баласы Раянга жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Optima Bank 4169585348307843
кошулду
Төрт баланын энеси: “Тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардамга муктажмын”








1 |